• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 37 млн сомго бааланган спорт залы мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан баасы 37 млн 480 миң сомду түзгөн 0,15 га жер аянтында жайгашкан спорт залы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук сотунун 2013-жылдагы токтому менен Жалал-Абад шаарында жайгашкан А.Батыров атындагы Эл достугу университетинин окуу корпусу 0,36 га жер аянты менен мамлекеттин эсебине конфискацияланган. Бирок окуу жайдын жанында жайгашкан спорттук залы "Дустлик" ачык акционердик коомунан конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесине киргизилбей калгандыгы аныкталган.

Аталган спорт залды мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Жалал-Абад шаардык прокуратурасы сот органдарына доо арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылып, кыймылсыз мүлк объектиси мамлекеттин балансына алынды.

Пикир

Оставить комментарий