• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 9 жаранга «ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан 9 жаранга “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, аларга төш белги жана күбөлүктөрдү шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары тапшырды.

Наам Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө көп жылдар бою салым кошкон жана мамлекеттик жогорку сыйлыктары бар түрдүү тармактарда эмгектенип, эл үчүн кызмат кылган инсандарга жыл сайын берилип келет.

Быйыл төмөнкү жарандарга наамдар ыйгарылды:

1. Аттокуров Давлат Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген машыктыруучусу.
2. Абдыкадырова Анархан Масуровна -Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги.
3.Акматов Кубаныч- Кыргыз Республикасынын “Ардактуу ардагери”.
4. Атабеков Таалайбек Айтышович- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги.
5. Дүйшеев Жеңишбек Аматысакович- Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги , К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору.
6. Ибрагимова Мияркан – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.
7. Кадырбаев Мамадали Турсунбаевич- Жалал-Абад областтык шаарлар аралык автоколонанын жетекчиси.
8. Мусаев Жоомарт Салимжанович- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын сынык, тубаса мунжу оорулар бөлүмүнүн башчысы.
9. Мурзалиев Эрнис Ырысбаевич- Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы адиси.

Эске салсак, 2022-жылдан бери 60 жаштан жогорку “ Ардактуу атуул” наамы барларга жергиликтүү бийлик жылына бир жолу “Карыялар күнүнө” карата миң сомдон акчалай белек берип турууну колго алышкан.

Ал эми бул жылы болсо, 1991-жылдан бери Жалал-Абад шаарынын ”Ардактуу атуулу” наамын алып жүргөн инсандардын башын бириктирип, шаардык кеңештин депутаттары өз каражатынын эсебинен сый дастаркон уюштурду.

Жалал-Абад шаарында буга чейин 230 инсанга “Ардактуу атуул” наамы берилген.

Пикир

Оставить комментарий