• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында рейддин жүрүшүндө 20дан ашуун өспүрүм ишке тартылганы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Эмгек-өспүрүм" аталышындагы рейд өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 20дан ашуун өспүрүм баланын иштеп жаткандыгы аныкталган болсо, алардын ону жакынкы райондордон келген балдар. Адистер тарабынан алардын ата-энелерине жана жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган рейддин максаты - коомдук жайларда, соода-сатык дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда, курулуштарда оор жумуш менен алектенген балдардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, рейдге шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмү, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий