• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Өндүрүш зонасында жайгашкан мунайбазасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгууга Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, өрт өчүрүүчү жана атайын техникалары, мунайбазанын ыктыярдуу өрттөн сактоо кошууну тартылды. Машыгуу иш-чарасынын жүрүшүндө резервуарлар паркында жайгашкан күйүүчү май сакталган резервуарда катталган өрт кырсыгын жоюу, жабыркагандарды куткаруу, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Машыгуунун жыйынтыгы менен иш-аракеттер талданып, мунайбаза кызматкерлерине өрт коопсуздук чаралары боюнча нускамалар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий