• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы мектептер ачылбайт

Аймак 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептер 2-класстан 6-класска чейинки окуучуларды кабыл албай турган болду. Мындай чечим шаардык штабдын отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетинин жугуу коркунучу жогору болгондугуна байланыштуу азырынча мектептерди ачуу белгисиз мөөнөткө калтырылды.

“Балдардын ден соолугуна кооптулук жаратпоо үчүн шаардык штаб бул жыйынтыкка келди. Бирок калаадагы биринчи класстын окуучулары билим алуусун токтотпойт. Алар мурункудай тартипте эле санитардык эрежелерди сактоо менен мектептерден билим алышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий