• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек,16.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын вице-мэр Гулбарчын Таштанбекова тийиштүү тармактын жетекчилери менен биргеликте кыдырып чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда класстык бөлмөлөрдүн окуу жылына даярдыгы, окуучулардын саны, санитардык эрежелердин сакталышы, жылуулук берүү маселелери, спорттук аянттар жана китепканалар текшерилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Пикир

Оставить комментарий