• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы Мурзакул Болуш көчөсүнө тротуар курулууда

Аймак 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Мурзакул Болуш көчөсүнө узундугу 3385 метр, туурасы 2,25 метр болгон тротуар курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөгө темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу иши жүргүзүлөт. Ошондой эле жол четине аялдамалар орнотулат. Курулуш 2023-жылдын октябрь айында бүткөрүлмөкчү.

Аталган курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, Мурзакул Болуш көчөсү шаардан "Жалал-Абад" санаториясына баруучу жалгыз жол болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий