• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда 2023-жылдын алты айында 66 миңден ашуун туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын алты айында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо блогу боюнча 300 миң 628 ID паспорт жана 66 миң 212 туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Бул тууралуу министрликтин 2023-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айтылды.

Ведомстводон билдиришкендей, күн мурун министрликте 2023-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия өтүп, анын ишине президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, министрдин орун басарлары, министрликтин түзүмдүк жана ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн башчылары, ошондой эле КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги акционер катары чыккан акционердик коомдордун башчылары катышышты.

Коллегиянын алкагында министрликтин бардык багыттары боюнча иштин жыйынтыгы чыгарылып, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Санариптик трансформацияны өнүктүрүү, жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алууда ыңгайлуу шарттарды камсыздоо жана калкты сапаттуу интернет-байланыш менен толук кандуу камсыз кылуу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Калкты каттоо блогу боюнча жарым жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалыматтар берилди:

Берилди 2022-жыл үчүн 2023-жыл үчүн
ID паспорт 263922 300628
Жалпы жарандык паспорт 257613 274168
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк 72019 66212
Никеси тууралуу күбөлүк 22034 19347
Никени бузуу жөнүндө күбөлүк 6067 5814
Аты-жөнүн өзгөртүү 10606 8570
Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк 16432 15087

Санариптештирүү блогу боюнча биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалымат:

Санариптик документтер юридикалык жактан маанилүү деп таанылат:

  • электрондук паспорт;
  • транспорт каражаттарын каттоо электрондук күбөлүгү;
  • айдоочулук электрондук күбөлүк;
  • туулгандыгы тууралуу электрондук күбөлүк.

"Инфодокс" Электрондук документ жүргүзүү тутуму:

  • 1 миң 856 уюм кошулду;
  • 115 миң колдонуучу;
  • 3,28 млн. документтер катталды.

" e-Kyzmat " Автоматташтырылган маалыматтык тутуму:

  • 128 миң 982 кызматкер санариптештирилген, алардын ичинен:
  • 22 миң 967 мамлекеттик кызматкер,
  • 10 миң 512 муниципалдык кызматчылар,
  • 95 миң 503 калгандар.

Мектепке электрондук каттоо:

  • 146 миң 864 бала.

Бала бакчага электрондук жазылуу:

  • 172 миң 597 бала.

Face ID жана Touch ID сервистерди:

  • 22 банкта жана каржылык - насыялык мекемелерде,
  • 34 Калкты тейлөө борборлорунда,
  • 70 жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда ишке киргизилген.

Мекен-карта долбоору:

  • Биринчи мекен-карта берилди.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды. Ошондой эле, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги тарабынан санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүү, инновациялык санариптик чечимдерди толук кандуу ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоого багытталган чаралардын натыйжалуулугун жакшыртуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий