• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад: Той өткөргөн кафенин ээсине иш козголду

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Алтын сарай” ресторанынын ээсине сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Буга чейин берилген эскертүүлөргө, салынган айыппулга карабай ресторанда кечээ кыз узатуу тою өтүп жаткан. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү иш-аракеттер башталды", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ Жалал-Абад шаарында тойканаларга рейд улантылып, комиссия тарабынан бир нече той өткөрүүчү ресторандар текшерилди.

Пикир

Оставить комментарий