• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 43 тилемчи аныкталды. Арасында мүмкүнчүлүгү чектелгендер да бар

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-августта Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Тилемчи” аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Аталган кызматтан билдиришкендей, милиция шаардык мэриянын кызматкерлери жана социалдык адистер менен биргеликте коомдук жайларда тилемчилик кылган жарандардын жашаган жерлерин аныктоо иштери жүргүзүлдү.

“Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы жана Ленин көчөлөрү текшерилип, тилемчилик менен алектенген жарандар турак үйдү убактылуу ижарага алышып, жашап келишкендиги белгилүү болду. Алардын өздүгү аныкталып, тиешелүү документтери текшерилди”, - деп айтылат маалыматта.

Тилемчилик менен алектенгендердин ичинен 24 жаран Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келгендиги аныкталды. Ал эми 19 жаран Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлү тектүү жарандар экендиги такталды.

Жалпысынан тилемчилик менен алектенген 43 жаран аныкталып, алардын ичнен 70 жашка чыккан карыя, 18 өспүрүм жана 4 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгон. Аларга милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий