• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда Асан Турсункуловдун сүрөт көргөзмөсү өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында Аксы районунан чыккан белгилүү сүрөтчү Асан Турсункуловдун "Буюккан кайран жылдыздар" аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, коомдук-саясий ишмерлер, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү жана жаштар катышты.

Көргөзмөгө сүрөтчүнүн 20 жылдан ашуун убакыттан бери тартып келген 70ке жакын эмгектери коюлган. Анда кыргыз элине эмгеги сиңген көрүнүктүү инсандар, жаш кезинен көзү өтүп кеткен чыгармачыл жана коомдун ар түрдүү тармактарында ийгилик жараткан адамдардын портреттерин көрүүгө болот.

Саамалыкта сүрөтчүнүн ишмердүүлүгү, чыгармачылык жолу, жараткан эмгектери, маданият тармагына кошкон салымы тууралуу сөз болду.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев көркөм сүрөт искусствосун аркалоо татаал кесиптердин бири экенин айтты. Ал үчүн сүрөтчүнүн акыл көрөгөчтүгү, сезимталдыгы, инсандын жана дүйнөнү таанып билүү жөндөмдүүлүгү маанилүүлүгүн белгиледи. Өкүл сүрөтчүгө чыгармачылык ийгилик каалап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыраазычылык катын жана акчалай сыйлыгын тапшырды.

Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов 1961-жылы Аксы районунун Сары-Кашка айылында туулган. Ал өзүнүн сүрөттөрүндө кыргыз элинин нарк-насил, санжырасын, тарыхын, терең философиялык жана белгилүү инсандардын бейнесин чагылдырган сүрөттөрдү тартып келет.

Пикир

Оставить комментарий