• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган айдоочуга 20,5 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган айдоочуга 20,5 миң сом айып салынды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, социалдык тармактарда Labo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасына жарык берүүчү жабдууларды мыйзамсыз орнотуп, айдап жүргөндүгү тууралуу видео тараган.

Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында унааны таап, мыйзамсыз жабдууларды орноткондугу үчүн жана автоээнбаштык жасагандыгы үчүн жалпысынан 20 миң 500 сом өлчөмүндө айып салып, унаасын айып короо жайына киргизишти.

Пикир

Оставить комментарий