• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда биринчи сорттогу ундун килограммы 33,5 сом, картошка 40, кумшекер 46 сом деп белгиленген – Монополияга каршы агенттик

Аймак 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Монополияга каршы агенттиктин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жетекчиси Ниязбек Мойдинов Жалал-Абад облусунда социалдык жактан маанилүү товарлар үчүн максималдуу баалар канча болуп белгиленгенин айтып берди.

Ал белгилегендей, өкмөттүн март айындагы токтому менен социалдык жактан маанилүү товарлардын 11 түрүнө мамлекеттик жөнгө салуу тартиби киргизилип, алардын максималдуу баалары белгиленген. Алардын катарында ун (1 жана 2-сорт), өсүмдүк майы, бөлкө нан, макарон азыктары, кумшекер, 2,5% майлуулуктагы сүт, май, эттин түрлөрү (уй, кой, тоок эти), картошка, жумуртка, жергиликтүү жана сырттан келген күрүч бар.

Мойдинов Жалал-Абад облусу боюнча аталган азыктарга агенттик тарабынан белгиленген бааларды атап өттү.

"Биринчи сорттогу ундун бир килограммы 33,5 сом же 50 килограммдык бир кап ундуку 1 миң 675 сом, экинчи сорттогу ундун килограммы 24 сом же бир кап ун 1 миң 200 сом деп белгиленген. Нандыкы (1 кг) 47 сом, сүт – 65, өсүмдүк майы – 90, каймак майы – 420, эттин баасы – 360, кумшекердики – 46, күрүч – 80 сом, макарон азыктары – 55 сом, жумуртка – 83 жана картошка 40 сом деп белгиленген", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий