• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов ӨК жана ӨА режимдерин узартууну кароо жөнүндө сунушун билдирди

COVID - 19 0


Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди. Мындай сунушту ал бүгүн, 13-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтты.

Ал маалымдагандай, бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен шартталган.

Кубатбек Боронов алгачкы этапта реагенттердин жоктугунан улам анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын эске салды. Бүгүнкү күндө жыйынтыктар толугу менен алынды, ага ылайык, оорулуулардын саны да көбөйүп жатат. Ал акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

Жолугушууда азыркы кырдаал, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жокко чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кубатбек Боронов көрүлүп жаткан ыкчам чаралар жана кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы жөнүндө толук маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен түздөн-түз күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин жана башка адамдарды жеке коргонуу каражаттары, башка бардык зарыл нерселер менен камсыздоого дагы бир жолу өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий