• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы 269 учур. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 5017ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 269 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 5 миң 17 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар;

Бишкек шаарында – 138
-Чүй облусунда - 43
-Ош шаарында - 23
-Ош облусунда - 6
-Нарын облусунда - 4
-Жалал-Абад облусунда - 26
-Ысык-Көл облусунда - 16
-Талас облусунда - 9
-Баткен облусунда - 4 жаңы учур.

Пикир

Оставить комментарий