Кыргызстанда бир сутка ичинде 52 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2294

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 52 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 6, Чүй облусунан 13, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 21, Талас облусунан 6, Баткен облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2294 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 269 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 5017ге жетти. Коронавирус жуктурган 50 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий