• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан Жарматова каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Темиркан Жарматова каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Темиркан Жарматова күн мурун, 16-июлда 65 жаш курагында илдеттен улам дүйнө салды.

"Кесиптешибиз 1979-жылы Медициналык институтун аяктап, Ош облустар аралык ооруканасында иштеп баштаган. Саламатттык сактоо министрлигинин атынан жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деди Акматова.

Жарматова Темиркан Досатовна - 1955-жылы 20-апрелде Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында туулган.

Маркумдун артында жолдошу жана эки кызы калды.

Пикир

Оставить комментарий