Бүгүн дагы 147 адамдан COVID-19 табылды. Жалпы 46 миң 669 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 30-сентябрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 147 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавирус каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 669 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 19
  • Ош - 13
  • Чүй облусу – 10
  • Ош облусу - 34
  • Талас облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 41
  • Баткен облусу - 17

Пикир

Оставить комментарий