• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 101 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 101 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 439 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11 миң 977ге жетти. Алардын ичинен 5314 адам коронавирустан айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 160 адам (+11 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий