• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы суткада 105 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада 105 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 25, Чүй облусунда 13, Ош шаарында 19, Ош облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 21, Ысык-Көл облусунда 8 медкызматкер илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус жуккан учурлардын жалпы саны 11 миң 977ге жетти. Алардын ичинен 1980и медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5314 (үй изоляциясынан 1654) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 160 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий