• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 371 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 3-июнга карата коронавирус дагы 371 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 169, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир сутка ичинде 299 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 196, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 50, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 13 адам сакайды", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 662 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 847 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 094 бейтаптын абалы орто оордукта, 448 адамдын абалы оор жана 93 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 708 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 598 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 105 миң 840 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 99 миң 474 киши айыгып чыкса, 1 миң 830 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий