• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Биринчи май районунун тургундары эмдөөдөн өтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Бишкектеги Биринчи май райондук администрациясы райондун тургундарын COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү улантууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жакында 285тен ашык адам эмдөөдөн өткөн.

Калкты эмдөөнү максималдуу жогорулатуу максатында райондо 10 эмдөө пункттары иштейт:

- №3 ҮМБ;

- №7 ҮМБ;

- №14 ҮМБ;

- №16 ҮМБ;

-“Калыс-Ордо”, “Мурас-Ордо”, “Көлмө”, “Жеңиш” конушунда жайгашкан медициналык амбулаторияларда;

- "Бишкек Парк" соода жана оюн -зоок борборунда;

- "Вера центр" соода борборунда.

Дарыгерлер коронавируска каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү тууралуу маалымат берүүнү улантууда. Бул багыттагы иштер уланууда.

Белгилей кетсек, райондун жалпы калкы 220 миң 200 адам, анын ичинен 84 миң 619 адам эмдөөдөн өтүшү керек. Бүгүнкү күндө 31 миң 992 адам үч түрдүү вакцина менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий