• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн 93 орундук бош

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн ооруканада 93 орундук бош. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 3 бейтапкана 435 орундук түзүлгөн.

“4-апрелге карата 342 бейтап дарыланууда. Бейтаптардын 254ү орточо оор, 60ы оор, 36сы өтө оор абалда”, - дейт ал.

Шамырканова кошумчалгандай, шаарда 13 мобилдүү топ иштөөдө. “Мобилдүү топтор 1-январдан тарта 9 миң 939 ПЧР анализ жүргүздү”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 5-апрелге карата Кыргызстандагы дагы 139 адамдан коронавирус аныкталган, анын ичинен 123 учур Бишкекте.

Пикир

Оставить комментарий