• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эпидемиологиялык фонддун каражаттары ачык-айкындуу сарпталууда – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Эпидемиологиялык фонддун каражаттары ачык-айкындуу сарпталууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

“Муктаждык болсо сарпталган каражаттардын бардыгын пункттарга бөлүп Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жайгаштырабыз. Мындан тышкары, каражаттардын сарпталышын текшерүүчү органдар дайыма Саламаттык сактоо министрлигинде, алар бул процесске көз салып турат. Ошондой эле Каржы министрлигинин алдында байкоочу кеңеш түзүлгөн. Ал каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөйт”,- деп билдирди Акматова.

Ошондой эле ал белгилегендей, депутаттык корпус жана жарандык коом каалаган убакта оорунун очогунда жүргөн медиктердин өздүк коргонуучу каражат менен камсыздалышын текшере алат.

“Жарандык коом бизге изоляция менен карантиндин так жана толук аткарылышы тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жардам көрсөтө алат. Ал эми өздүк коргоонучу каражаттар багыты боюнча жана оорунун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине гана берилип жаткандыгы тууралуу сөз кылбай эле койсо болот. Анткени, өздүк коргоону каражаттары бир катар учурларда эл колдонулат. Алар – коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана оорунун очогунда иштөө. Башка багыттар боюнча аларды эч кандай колдоонууга болбойт”,- деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий