• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 11, пневмониядан 74 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 11, пневмониядан 74 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта), № 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта), Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта), Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта), Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта), Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик), Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта) адам коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду. Алардын ичинен 57 адам республика боюнча жана Бишкекте 17 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 571 адам”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус жуккан учурлардын жалпы саны 11 миң 977ге жетти. Алардын ичинен 1980и медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5314 (үй изоляциясынан 1654) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 160 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий