• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каза болгондордун көбү жашы өтүп калгандар жана өнөкөт оорулары да болгон - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Каза болгондордун көбү жашы өтүп калгандар жана өнөкөт оорулары да болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жашы өтүп калган адамдарды көбүрөөк жабыркатууда. Ошого байланыштуу каза болгондордун жаш курагы, коштолуучу оорулары чоң ролду ойноодо. «Белгилүү болгондой, Кыргызстанда каза болгон 8 адамдын дээрлик бардыгы жашы өтүп калгандар, алардын ичинде 60тан, 70тен, ошондой эле 80 жаштан жогору жарандар бар. Айта кетчү жагдай, андан сырткары каза болгондордо коштолуучу өнөкөт оорулар болгон», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетет. Алардын ичинен 322 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий