• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда дээрлик 20 миң медициналык адис окуудан өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 5-февралдан 4-сентябрга чейин 19 миң 813 медициналык адис окуудан өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 5 миң 438, Чүй облусунда 1 миң 867, Ысык-Көл облусунда 2 миң 110, Талас облусунда 1 миң 967, Нарын облусунда 1 миң 643, Жалал-Абад облусунда 2 миң 692, Баткен облусунда 1 миң 403 жана Ош облусунда 2 миң 693 медициналык адис окуудан өткөн.

"Саламаттык сактоо министрлиги эпидемияга каршы иштерди күчөтүп, медкызматкерлерди кайра окутуу боюнча алгылыктуу иштерди жүргүздү. Дистанттык негизде 7 миң 290 дарыгер, орто билимдүү медкызматкер жана колледждин мугалими окутулду. Аны менен бирге стационардагы 2-3-даражадагы дарыгер, кичи медперсоналдарды кошкондо 4 миң 148и да кайра окуудан өттү. Ошондой эле лабораторияда иштеген 326 адис, ПЧР тесттин жүргүзүү боюнча 88 адис, экспресс-тесттин жүргүзүү боюнча 174 адис жана 543 ординатор дистанттык негизде курстан өттү", - дейт ал.

Үсөнбаев жер-жерлерде дагы окутуулар өткөрүлгөнүн айтат. "Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Фельдшердик-акушердик пункттарынын (ФАП) 3 миң 219 дарыгери окутулган", - деди саламаттык сактоо министринин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий