• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абадда былтыр оор жана өзгөчө оор 162 факты катталып, 130 кылмыштын бети ачылган

Аймак 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда, Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштеринин 2020-жылдагы жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыктаган ыкчам кеңешмеге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков жана ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, ШРИИБ жетекчилери катышты.

Алгач Жалал-Абад ОИИБдин былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен ийгиликтерди жараткан өз кесибинин мыкты кызматкерлери деп аныкталгандарга жана алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен ардагерлер кеңештерине сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле өткөн жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы менен мыкты ички иштер бөлүмдөрү аныкталды. 1-орунду Кара-Көл ШИИБи алып, ОИИБдин өтмө туусу ыйгарылды. 2-орунга Ала-Бука РИИБи, 3-орунга Таш-Көмүр ШИИБи жетишишти.

Кеңешменин экинчи бөлүгүндө коюлган меселелер каралып, былтыркы жылда аткарылган жумуштар талкууланып, жаңы 2021-жылга карата негизги ыкчам иш-чаралар кабыл алынды. Ошондой эле кызматта кетирилген кемчиликтери, бети ачылбай калган кылмыштар жана тиешелүү деңгээлде иш жүргүзбөгөн бир нече кызматкерлерге карата тартиптик жаза берүү боюнча чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 9 миңге жакын (былтыр 9 200дөн ашуун) материал катталган.

Катталган кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 83%ды (былтыр 81,3%) түзгөн. Оор жана өзгөчө оор 162 факты катталып, 130 кылмыштын бети ачылган. Ачылуу көрсөткүчү 80,2%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий