• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда COVID-19ду аныктоочу көчмө лабораториянын жабдыктары кургак учук борборуна көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборундагы микробиологиялык ыкчам мобилдик лабораториянын техникалык жабдыктары облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна которулду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аба ырайынын температурасынын төмөндөгөнүнө байланыштуу мындан ары коронавирус илдетине чалдыккандардын лабораториялык иштери аталган жайда аныкталат. Ал эми жарандардын анализдерин кабыл алуу облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда улантылат. Атайын техника ушул жылдын март айынан тарта иштеп келе жаткан.

Бүгүн Кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы жумуштар менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков барып жеринен таанышты. Ал медицина кызматкерлеринин иш алып баруудагы жаралган маселелерин угуп, тийиштүү иш жүрөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий