• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Валентина Шевченко чемпиондук курун төртүнчү ирет коргойт. Беттеш ушул жекшемби күнү болот

Спорт 0

Бишкек, 20.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Келе жаткан жекшемби, 22-ноябрь күнү кыргызстандык мушкер айым, UFC чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майя менен беттеш өткөрөт.

Алдыдагы беттеште Шевченко UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиондук курун коргойт. Буга чейин ал чемпиондук курун үч ирет коргоп калган.

Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 255 турниринин алкагында, Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 09:00-10:30дар арасында болуп өтөт.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко спорттук карьерасыда 21 беттеш өткөргөн. Анын 19ун жеңип чыкса, үчөөндө жеңилип калган. Ал эми Женнифер Майя 25 жолу беттеш өткөрүп, анын 18ин жеңген. 6 беттешинде жеңилип, бир жолкусунда тең чыккан.

Пикир

Оставить комментарий