• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Жоробек табылды

Аймак 0


Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Жоробек табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы тарабынан 2008-жылы туулган Акимжанов Жоробек дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга жарыяланган. Анда ал 2021-жылдын 14-июнь күнүнөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы белгиленген.

13 жаштагы Жоробектин жүргөн жерин аныктоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна бөгөт коюу максатында Жалал-Абад ШИИБи тарабынан рейд да жүргүзүлгөн. Анын алкагында милиция кызматкерлери барган жерлеринде Жоробек тууралуу маалыматтарды беришип, кайда жүргөндүгүн билгендер болсо милицияга кабарлап коюуну билдиришкен.

Бүгүн, 18-июнда 13 жаштагы Жоробектин жүргөн жери аныкталып, кайдыгер карабаган жарандар тарабынан маалыматтар алынган. Ал 4 күндөн бери Жалал-Абад шаарында бирөөнүн үйүндө, анын балдары менен чогуу жашап жүргөндүгү белгилүү болгон.

Жоробек Жалал-Абад ШИИБне алынып келинип апасына өткөрүлүп берилди. Баласы аман-соо табылганына кубанып турган апасы милиция кызматкерлерине, баласын багып жүргөн үй-бүлөгө, коомчулукка маалымат жеткирүүдө көмөктөшкөн журналисттерге жана кайдыгер карабай маалыматтарды бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий