• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда каракчылык менен алектенген жаран кармалды – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Жалал-Абадда жарандарды коркутуп, каракчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-январда Сузак районунун 29 жаштагы тургуну М.М. милицияга кайрылган. Ал өзүнүн арызында Жалал-Абад шаарында “Бека” аттуу жигит эки досу менен ур-тепкиге алып, бычак менен коркутуп, 29 миң сомдук телефонун тартып алганын, кийин "Бека" “15 миң сом менен дагы бир телефон берсең, телефонуңду берем” деп акча талап кылып жатканын билдирген.

Чогултулган материал Жалал-Абад шаардык милициясына каттоого алынып, Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча берилген тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Бека” аттуу жигиттин өздүгү аныкталган. Ал мурда бир нече соттолгон Сузак районунун тургуну 2000-жылы туулган Т.Б. экендиги такталган.

Жалал-Абад шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында “ДЭУ Матис” унаасына тинтүү жүргүзүү жана кылмышка шектүү 2000-жылы туулган Т.Б. кечиктирилгис түрдө кармоо иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн колунан талап кылган акчалар жана 1 даана кайышка салынган бычак табылып алынган.

Учурда шектүү Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий