• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда кыздын кийимин кийип тилемчилик кылган бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Жалал-Абадда кыздын кийимин кийип тилемчилик кылган бала аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери кыз келбетин жамынган эркек баланы аныктады. Ал Жалал-Абад шаарындагы жер астынан өтүүчү өтмөктө отуруп, жанындагы колонка аркылуу куран коюп, колуна сүрөт көтөрүп алган. Сүрөткө иниси ооруп жаткандыгын, аны чет өлкөдөн дарылатуу керектигин, бул үчүн акча каражаты жетпегендиктен кайдыгер эмес жарандардын жардам берүүсүн жазып алган.

Милиция кызматкерлери кызча кийинип тилемчилик кылып отурган эркек баланын өздүгүн аныкташты. Ал Ош облусунун, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 18 жаштагы тургуну экени белгилүү болду. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 6 бир тууган экендиги жана эч кандай иниси оорубай тургандыгы такталды.

Балага карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймагына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий