• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майлуу-Суу шаарында турак үйдөн өрт чыкты (сүрөт, видео)

Кырсык 0


Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдына ала маалымат боюнча, Майлуу-Суу шаарынын Загородная көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 03:07 түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:09да Майлуу-Суу шаардык №83 ӨККБнүн 1- бөлүм талытылган.

Өрт болгон аймакта кырдаал курч болгондугуна байланыштуу саат 03:46да кошумча №83 ӨККБнүн 2- бөлүмү тартылып учурда өчүрүү иштери уланууда.

Учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий