• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда «Укук тартип» рейди жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда «Укук тартип» рейди жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында «Укук тартип» алдын алуу иш-чарасына тартылган кызматкерлер участокторго бөлүнүштү. Алар Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо менен катар бир топ профилактикалык иштерди жүргүзүшөт. Кылмыштуулуктун алдын алуу, улуттар аралык араздашууларды жана жаш өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо, авто кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейддер жүргүзүлөт.

Иш-чарага Жалал-Абад ШИИБдин, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн, Жалал-Абад шаардык ЖКККБнын кызматкерлери жана жергиликтүү квартал башчылары тартылган. Азыркы учурда кызматкерлер паспорттук эреже боюнча бөлүнгөн аймактарында текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле батирлерди ижарага алгандар, мергенчилик сүйүүчүлөрдүн курал-жарак сактоочу жайлары, тилемчилик менен алектенгендер текшерилүүдө. Түнкү убакыттарда мобилдик топтор унааларын катуу ылдамдыкта башкарып жарышкандарды, жол эрежесин бузгандарды көзөмөлгө алат.

Аталган иш-чара Жалал-Абад облусунун аймагында 10-15-сентябрь күндөрү өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий