• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамангулов: Демөөрчүлүк кылгыдай, эмне, мамлекеттин үлүшү бар компаниялар ошончолук байбы же мамлекеттин ашыкча акчасы барбы?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Өзүӊөр жакшы билесиӊер, бюджетте каражат тартыш, көп иштерди бүткөрө албай турабыз. Мамлекеттин үлүшү бар «МегаКом», «Манас» аэропорту, «Электр станциялары» сындуу ири компаниялар ири көлөмдөгү каражатка ири иш-чараларды каржылап, ошондой эле ар кандай уюмдарга демөөрчүлүк көрсөтөт экен. Демөөрчүлүк кылгыдай, эмне, ал компаниялар ошончолук эле байбы же мамлекеттин ашыкча акчасы барбы? Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Бир эле мисал, мамлекеттин үлүшү бар «Чыгышэлектро» ишканасы өткөн жылы 2 млн сомго демөөрчүлүк колдоо көрсөтүптүр. Алтургай, 10 млн сомго чейин акча жумшаган компаниялар бар экен. Бюджетте каражат тартыш болуп турганда, мамлекеттин каражатын ойгелди чачуу туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан, өкмөт өкүлүнөн мамлекеттин үлүшү бар ири компаниялардын каражаты жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кылам. Биз каражаттын кайда кетип жатканын билишибиз керек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий