• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жамбылда жараксыз ок-дарылар жок кылына баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Казакстандын Коргоо министрлиги Жамбыл облусунун Байзак районунда ок-дары фрганменттерин жок кылуу жумуштары башталганын билдирди. Ок-дарыларды жардыруу иштерин инженер-саперлор жүргүзөт. Министрлик бир айда бул жумуштар бүтө турганына убада берди.

«Бул үчүн адам жок тоолуу жер, аскердик бөлүк менен калктуу конуштардан 12 чакырым алыстыктагы аймак белгиленди», - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жардырууга жакын жайгашкан калктуу конуштар жүргүзүлө турган иш-чаралар тууралуу кабардар, жардыруу боло турган жер тосулду.

10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон.

Бул окуя жумуштан сырткары маалда болуп, эч ким зыянга учураган эмес.

Буга чейин 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн кампасында ок-дарылар жарылып, өрт чыккан. Жүздөгөн адам окуя болгон жерден көчүрүлүп, 17 адам каза таап, ондогон киши жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий