• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖАМКтын төрагасы менен Германиянын элчиси кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушту. Бул туралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төрага жазык тутуму чөйрөсүндө мындан аркы кызматташтык маселелерин, өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, ошондой эле пенитенциардык тутумунда болуп жаткан реформалар жөнүндө сөз кылды.

Германиянын элчиси ЖАМКтын жетекчилигине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташа берээрин айтты.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жигердүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий