• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жан Воинов КРдеги заманбап бий боюнча ДЧ тууралуу: Бардык катышуучулар, калыстар жана коноктор таң калышты

Коом 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Бишкекте биринчи жолу заманбап бий боюнча Movement Dance Battle Kyrgyzstan 2018 дүйнө чемпионаты өттү. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында уюштуруучулар жана MDA академиясынын президенти Жан Воинов мелдештин жыйынтыгы тууралуу айтып беришти.

Биринчи жолу өлкөнүн бий тарыхында “Асанбай” маданий борборунда MDB Kyrgyzstan 2018 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн белгилүү бийчилер чогулушкан.

Турнир үч күн болгон, өткөн жума күнү башталып, кечээ, 24-июнда аяктады. Иш-чаранын биринчи күнү мастер-класс болду, экинчи күнү тандоо туру, ал эми үчүнчү күнү хедлайнерлер бийлешти. Бардыгы болуп беш-жети өлкөдөн келген 200-300гө жакын адам катышкан. Алар Казакстан, Тажикстан, Франция, Швейцария, Өзбекстан, Иран, Россия жана Кыргызстан.

Воинов билдиргендей, каражат жагынан бир аз артка кетишкен, анткени алардын өз каражаттарынан бийчилердин барып-келүү жол акысы менен конокторду тосуп алууга жумшалган.

“Бардыгы оңой жана жогорку деңгээлде өттү. Балдарга да жакты. Байгелүү орундарды Франция, Казакстан жана Кыргызстандык бийчилер ээлешти. Kids номинациясында Кыргызстандык бала жеңишке жетти. Баса белгилей кете турган нерсе Ош, Талас жана өлкөнүн башка региодорунан катышуучулар келишти”, - деп билдирди Воинов.

Пикир

Оставить комментарий