• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттик угууда мамлекеттик ыйгарым укуктар каржылоосуз толук аткарылбай турганы белгиленди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө маселесине арналган парламенттик угуу өттү. Иш-чарага КР Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өздөрүнө бекитилип берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылуу жүрүмү өтө маанилүү маселелердин бири болуп санала турганын баса белгиледи. «Мыйзамдын кабыл алынганына беш жылдын жүзү болду. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланды. Ушу тапта республикалык бюджеттин 11%ы гана берилүүдө. Бул каражат жетишсиз. Айрым укуктар өткөрүп берилген соӊ, аны аткаруу каражаты да кошо берилиши керек. Ошондуктан, мыйзамдын аткарылышы боюнча толук маалымат алып, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирге талкуулоо чечимине келдик», - деди ал.

Талкууда депутат Искендер Гайпкулов КР Өкмөтү тарабынан тиешелүү мыйзамдардын аткарылышы боюнча функционалдык анализ толук жүргүзүлбөгөндүгүн сынга алып: “Өкмөт тез аранын ичинде органдардын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүргөн токтом кабыл алуусу керек. Ал эми парламент болсо алардын каржылоо маселелерин чечип берүүсү керек”,- дейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар ортосундагы мамилелелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев жергиликтүү салыктын түрлөрү этап-этабы менен жергиликтүү бюджетке калтыруу каралып жатканын маалымдады.

Жыйынга чакырылган айыл өкмөттүн өкүлдөрү тиешелүү мыйзамдарда мамлекеттик ыйгарым укуктар каражаты менен кошо берилиши керектиги каралгандыгын айтып, каражаты чечилбегенден улам салык чогултуу сыяктуу маселелер аткарылбай жаткандыгын белгилешти. Алар мамлекеттик ыйгарым укуктар каржылоосуз аткарылбастыгын, аткарылса дагы жарым-жартылай аткарылаарын белгилешти. Баары келип каржы маселесине такалып жаткандыктан, аны чечүү жолу катары мыйзамда белгиленген административдик-территориялык аймактарды ирилештирүү маселесине ылайык, облустук түзүмдөрдү жоюу сунушталды.

Депутат Аалы Карашев жогорку бийлик менен жергиликтүү бийликтердин функционалдык милдеттерине так анализ жүргүзүп, айыл өкмөттөрүнө берилген ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо маселесин так чечмейин талкууланып жаткан көйгөй чечилбейт деген пикирин ортого салды. Ал айыл өкмөттөргө берилген 18дей ыйгарым укуктун аткарылышын баарын бир баштабай, бир жылы белгилүү бир укуктарды бөлүп алып анын каржылоосун чечип, анан кийинки жылы кийинки ыйгарым укуктарга ушундай тартип менен өтүүнү сунуш кылды.

Жыйынтыгында талкууга катышкандар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, резолюция кабыл алынды. Резолюцияда белгиленген маселелер тармактык комиттетте каралып, тиешелүү чечим чыгарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий