• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаналиев: Баттулга менин белегимди кабыл алды

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Анархан Алтымышова – Кабар/. Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев стринг-арт техникасы менен тарткан сүрөтүн Монголиянын президенти кабыл алганын өзүнүн “фейсбук” социалдык баракчасына жазып чыкты.

“Монголиянын президенти Халтмаагийна Баттулга менин белегимди кабыл алды! Президент менин белегим үчүн мага колодон жасалган атчан жоокерди, Монголиянын Гиннестер китебин жана кол тамгасы менен сүрөт тартуулады!. Мен өз кезегинде жалпы Кыргызстандыктардын атынан салам жолдодум. Мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем”,-деп жазган Азамат өзүнүн баракчасына.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев жип менен мык колдонуп, Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийна Баттулганын сүрөтүн тартып, аны эки элдин ортосундагы достук мамилесине арнаган.

Буга чейин Азамат Жаналиев, Чынгыз Айтматовдун, Ахмат-Хаджи Кадыровдун, Владимир Путиндин, Петр I жана Бириккен Араб Эмираттарынын шейхинин эксклюзивдүү сүрөттөрүн жараткан.

Пикир

Оставить комментарий