• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапар, Садыр жана Нуркожо. Бишкекте төрөлгөн үч эмге ысым ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (№6 төрөт үйү) 29-октябрда үч эм жарык дүйнөгө келген - уулдар.

Бүгүн, 4-ноябрда ымыркайларды төрөт үйүнөн чыгарып жаткан учурда үч эмдин энеси 21 жаштагы Сезим Ырысбек кызы журналисттерге уулдарына Садыр, Жапар жана Нуркожо деген ысым ыйгарышкандыгын билдирди. Анын айтуусуна караганда, мындай чечимди ата-энелери кабыл алган жана президенттин милдетин аткаруучунун урматына коюлган.

Эске сала кетсек, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдиргендей, наристелердин биринчиси - 2 кг 20 грамм, экинчиси - 2 кг 300 грамм, үчүнчүсү - 2 кг 500 грамм.

Пикир

Оставить комментарий