• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саясат таануучу Кыргызстан эмне үчүн Казакстанга тынчтык күчтөрүн жөнөтүшү керектигин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Саясат таануучу Марс Сариев редакциябызга берген маегинде Кыргызстан эмне үчүн стратегиялык инфраструктуралык объектилерди коргоо үчүн Казакстанга чектелген аскерий континентти жибериши керектиги тууралуу айтып берди.

«Албетте, биздин аскер кызматкерлери эч качан митингчилер менен согушууга жана мындай аракеттерге барбашы керек. Бул Казакстандын ички иши. Дагы бир нерсе, стратегиялык объектилерди кайтаруу керек, ошондуктан ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Казакстанга киргизилип жатат», - дейт эксперт.

Саясат таануучунун айтымында, Казакстан баш аламандык зонасына кирип, күрөштүн аренасына жана Россияга, Волга боюна жана Түндүк Кавказга чыгуу менен бүткүл Борбор Азияны туруксуздаштыруу аракеттери башталышы мүмкүн болгон боз зонага айланууда.

«Ал жерде салафиттердин уктап жаткан клеткалары көтөрүлүшү мүмкүн, кылмыштуулукту көрүп жатабыз, Алматыда башын көтөрдү. Демек, Казакстан азыр дестабилдештирүү зонасы болуп калды, ал бүтүндөй аймакты, анын ичинде Россияны туруксуздандыруусу мүмкүн”, - дейт Марс Сариев.

Анын пикиринде, балким уюштуруучулардын милдети Волгага кирүү болуп саналат, анткени Башкирияда, Татарстанда жана Түндүк Кавказда татаал процесстер байкалууда. Андыктан, эксперттин айтымында, азыр ЖККУнун контингенти Казакстандагы стратегиялык объектилерди коргоого алышы керек, ал эми Казакстан өлкөнүн өзүндөгү ички саясий кырдаалды турукташтырышы керек.

«ЖККУнун атайын күчтөрүнүн болушу глобалдык оюнчулардын Казакстанды бүтүндөй аймакты мындан ары дестабилдештирүү үчүн боз зонага айлантуу пландарына бөгөт коюшу керек», - деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Пикир

Оставить комментарий