• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү кору бар - президенттин басма сөз катчысы

Коом 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. "Казак тараптын демилгеси менен өткөрмө пункттардын жабылышына байланыштуу кооптонууларга келсек, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында социалдык маанилүү азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү кору бар экенин белгилейбиз", - деди КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

«Биз жарандарды азык-түлүктүн мүмкүн болгон жетишсиздигинен же баанын кескин жогорулашынан коркпоого чакырабыз», - деди ал.

Султанбаев белгилегендей, эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволору мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги жеке өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча эки тараптан тең иш алып барууда.

“Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди толук кандуу нормалдаштырууга негиз болот”, - деди КР президентинин басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий