• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров алдыдагы шайлоодо коомдук-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо маалында коомдук-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселесин кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мамлекет башчысы төмөнкү маселелерге көңүл буруп, тапшырмаларды берди:

«Мен, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайлоо өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндамаларын кунт коюп угуп чыктым.

Жалпысынан иш жетиштүү уюштуруучулук деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейм.

Ошол эле учурда, ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багыттагы өз иштерин күчөтүп, шайлоо жогорку деңгээлде өтүшү үчүн бардык чараларды көрүшү керек.

Ошону менен бирге төмөнкү тапшырмаларды берүү максатка ылайыктуу деп эсептейм:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы

№ 370 „Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө“ жана 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 512

"2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарынынишке ашырылышы камсыз кылынсын;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү жарандардын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо участкаларына баруу учурунда коронавирустук инфекциясын жугузуп алуу учурларын болтурбоо боюнча толук чаралар көрүлсүн;

— шайлоо жана шайлоодон кийинки мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында талаптагыдай эпидемиологиялык көзөмөл жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы

камсыз кылынсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине:

шайлоо участкаларында зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик тез жардам бригадаларынын күнү-түнү нөөмөтүн уюштуруу менен алардын саны көбөйтүлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине:

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлсүн;

— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн коопсуздугу камсыз кылынсын;

— коомдук коопсуздукту сактоо максатында мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын алкагында көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын деструктивдүү жана терс ички жана тышкы таасир этүүсүн жана кийлигишүүсүн болтурбоого багытталган чаралардын комплекси ишке ашырылсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине:

— маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштын толук жана сапаттуу иштөөсү камсыз кылынсын.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Мен белгилеген, жана Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорунда көрсөтүлгөн сунуштамалар мүмкүн болушунча натыйжалуу жана кыска убакыттын ичинде аткарылышы керек.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери керек болсо күнү-түнү иштеши зарыл.

Биз шайлоону канчалык ачык-айкын жана демократиялык жол менен өткөрүшүбүздөн көп нерсе чечилет:

Бул деген:

— канчалык деңгээлде биздин жарандарыбыз мамлекеттик институттарга ишене турганы;

— канча чет өлкөлүк инвесторлор мамлекеттин кепилдиги менен корголот деп ишенип, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө инвестиция салышы;

— жана мындан ары биздин эгемендүү республикабыздын келечеги кандай өнүгө турганы көз каранды болот.

Биз мурунку бийликтегилердин каталарын кайталабашыбыз керек, тескерисинче, андан сабак алып, келечекте аларды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүшүбүз зарыл.

Биз бардыгыбыз эң биринчи кезекте эл тарабынан шайланганбызды, элге гана кызмат кылаарыбызды унутпашыбыз керек.

Эч ким жалгыз өзү өлкөбүздүн келечегин аныктай албайт, бул биздин элибиздин гана өзгөчө укугу.

Эч кимдин элдин эркине каршы туруп, алардын татыктуу жашоо жана жаркын келечекти тандоосунан ажыратууга укугу жок.

Азыркы учурда биздин кайсыл багытта барууну жана эмнени каалоону аныктоо боюнча уникалдуу тарыхый мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Биз баарыбыз биригип, ар бир адам өзүнүн байланышы же үй-бүлөлүк мамилеси менен эмес, жеке сапаттары жана билими боюнча кызматта алдыга жылышы мүмкүн болгон, ар ким өзүнүн иши үчүн татыктуу эмгек акы алган жана өзү менен балдарынын келечегине ишенген демократиялык мамлекетте жашоону тандашыбыз керек.

Ошол эле учурда, жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары биздин жарандарыбыздын социалдык кепилдиктер менен камсыз болушуна көңүл бурушу керек.

Келечек муунга билим берүү менен алектенген, ден соолугубузду жана өмүрүбүздү коргоп турган дарыгерлерибиз менен мугалимдерибиздин эмгек акыларынын деңгээлин көтөрүүгө эбак эле убакыт келди.

Коомубуздун өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү ыкчам жана тез арада чечүү үчүн биз карапайым элдин пикирин угууга милдеттүүбүз.

Мамлекеттик кызматкерлердин ар бири, өздөрүн толугу менен элге жана Мекенге кызмат кылуу идеясына арнашы керек.

Урматтуу Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү!

Бүткүл дүйнө Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин жана ар дайым боло турганын билет.

Өлкөдө болуп жаткан ар кандай саясий процесстерге өз оюбузду ачык айтууга жана көз карашыбызды билдирүүгө эч ким тыюу сала албайт.

Биздин эл буга жол бербейт.

Мен ишенем, 28-ноябрда биздин элибиз саясий активдүүлүгүн көрсөтүп, татыктуу, сабаттуу жана чынчыл депутаттарды шайлап алат.

Урматтуу Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү!

Буга чейин чечимдин долбоору сиздерге жиберилген, азыр да кол алдыңыздарда турат.

Албетте чечимдерде мамлекеттик органдардын милдети болгон ченемдер кайталанып калган.

Алардын кунумдук эле милдеттерин аткара турган нормалар да кирип калган экен. Чечимге коргозбосок деле алар кунуго ошол иштерди аткарып жатышат. Бирок мейли алар ашыкча болбойт. Ошондуктан чечимдин долбоорун талкуулоого өтүүнү сунуш кылам».

Пикир

Оставить комментарий