• 88.68
  • 95
  • 0.95

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушту

Президент 0


Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы Бешинчи Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий