• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров Азербайжан президенти Ильхам Алиевди Республика күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевди Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Азербайжан Республикасынын улуттук майрамы — Азербайжан Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Оболу мен боордош Азербайжандын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүндөгү олуттуу ийгиликтерин, ошондой эле өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы татыктуу кадыр-баркын, региондук жана эл аралык иштердеги маанилүү конструктивдүү ролун өзгөчө белгилегим келет.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда жетишилген кызматташтыктын бийик деңгээлин жогору баалайбыз жана аларды мындан ары чыңдоого, биргелешкен иш-аракеттерди тереңдетүүгө үмүт артабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы динамикасы кыргыз-азербайжан мамилелеринин ар кандай багыттагы потенциалын кеңири ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди, ал эми боордош Азербайжан элине өнүгүү жана тынчтык каалады.

Пикир

Оставить комментарий