• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров кумар оюндары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуштайт

Президент 0

Бишкек, 27.04.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда Президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда вето коюуга даяр.

Пикир

Оставить комментарий