• 88.68
  • 95
  • 0.95

2006-жылдын үлгүсүндөгү КР паспортторун алууга документтер апрелдин аягына чейин кабыл алынат

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин Калкты тейлөө борборлорунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун алууга документтер кабыл алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

3-майдан баштап, 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык биометрикалык паспортуна документтерди кабыл алуу башталат. Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө аткарылат.

КР биометрикалык паспортун шашылыш түрдө персонификациялоону май айынын аягында киргизүү пландаштырылууда. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы аралыкта чет өлкөгө сапарларды пландаштырып жаткан жана паспортко муктаж жарандарды апрелдин аягына чейин паспорт алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна жана паспорт бөлүмдөрүндө белгиленген тартипте кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий