• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек Уфа бир туугандык байланыш түздү

Коом 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Бишкек жана Уфа бир тууган шаарлардан болуп калды деп жазылат Башкортостандын борбор шаарынын администрациясынын сайтында. Меморандумга Астанада өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн чоң шаарларынын XXV эл аралык Ассамблеясында кол коюлган.

Документке Уфа шаарынын администрация башчысы Ирек Ялалов менен вице-мэр Эрнис Зарлыков кол койгон.

Келишимге ылайык, эки шаар соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланышты өнүктүрүүү үчүн каржы жана экономикалык жакшы шарттарды түзөт.

Ошондой эле, эки бир тууган шаарлар өнөр жай, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, спорт, жаштар саясаты тармагында кызматташууну пландап жатат.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында бул тууралуу маалымат чыккан жок.

Пикир

Оставить комментарий